Феликс Кулов: “Ар-намыс” фракциясы премьерликке Жоомарт Оторбаевдин талапкерлигин колдойт
“Ар-намыс” фракциясы премьер-министрликке Жоомарт Оторбаевдин талапкерлигин колдойт. Муну бүгүн, 31-мартта фракция лидери Феликс Кулов билдирди. Айтымында, фракциясы жаңы коалицияга кирет.
“Биз өз шартыбызды айттык, чет өлкөгө кетип, ал жактын жарандыгын алууга аргасыз болуп жаткан мекендештерибиз Кыргызстандын жараны бойдон калышы керек. Ошондой эле премьер-министрге өкмөт курамын бекитүүдө кайсы бир талапкерге каршылык билдирип, аны бекитпей коюу укугу берилмекчи”,- деди Кулов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

