Кыргызстанда адвокаттардын кардарларынын 30 пайызы юридикалык тейлөөгө канааттанган жок
Кыргызстанда адвокаттардын кардарларынын 30 пайызы юридикалык тейлөөгө канааттанган жок. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта маалымат жыйынында "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Анын айтымында, 2011-жылдын ноябрь айынан 2014-жылдын мартына чейин, 2,5 жылдын ичинде "Мыйзам астындагы теңдик" аттуу долбоор иш алып барып, анын натыйжасында 12 044 адам акысыз юридикалык жардам алды.
"Долбоордун жүрүшүндө бир таң каларлык нерсени байкадым. Кыргызстанда адвокаттардын кардарларынын 30 пайызы юридикалык тейлөөгө канааттанбай, адвокаттарга ишеничин жоготуп барат. Бул юридикалык ишмерлердин сапатсыз ишмердүүлүгүнүн белгиси",- деди Жакупова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.