super.kg logo

Кыргызстанда аялдар юридикалык жардамга көбүнчө ажырашуу, мурунку күйөөсүнөн алимент алуу маселелери боюнча кайрылышат

 

Кыргызстандын айыл аймактарында аялдар юридикалык жардамга көп учурда ажырашуу, мурунку күйөөсүнөн алимент алуу, балдарынын жашаган жерин каттоо маселелери боюнча кайрылышат. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта маалымат жыйынында “Адилет” укуктук клиникасынын кызматкери Айнура Осмоналиева кабарлады.

Анын айтымында, акыркы 2,5 жылдын ичинде “Мыйзам астындагы теңдик” долбоору жүргүзүлгөн. Анын максаты айылдарда жашаган аялдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана жаштарга юридикалык жардам берүү болгон.

“Долбоордун жүрүшүндө негизги көйгөйлөр байкалды. Маселен, аялдар ажырашуу, мурунку күйөөсүнөн алимент алуу жана балдарынын жашаган жерин каттоо маселелери менен кайрылышат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жөлөк пул алуу, пенсия жана мурас алуу көйгөйлөрүнө кабылышат. Ал эми өспүрүмдөрдүн маселелери боюнча алардын энелери мектепте же көчөдө зомбулукка кабылуусун айтып келишет”,- деди Осмоналиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: