Баткен облусундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген ага-ини Ниязбековдорго бийлик тарабынан компьютер тапшырылды
Баткен облусунун бийлик өкүлдөрү жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп, ага КР Жогорку Кеңешинин депутаты Чолпон Султанбекова да катышты. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Дамира Парпиева билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунда болуп жаткан иш-чаралар, жол, суу маселелери жөнүндө маалымат берип, Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүндөгү Өрүкзар мектебинде билим алган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген ага-ини Ниязбековдорго жана облустун мектептерине жалпысынан 12 компьютер жана 10 такта тапшырылды.
Иш-чаранын аягында Алга айылынын тургундары менен жергиликтүү элдин көйгөйлөрү боюнча маселелер талкууланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















