Кемин районунда жеңил унаа оодаралып кетип, жүргүнчү каза болду
Кемин районунда Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа оодаралып кетип, жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 24-декабрь күнү эртең мененки 7:45 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 122-чакырымында Хонда Одиссей унаасынын 36 жаштагы айдоочусу У.Р. рулду башкара албай оодарылып кеткен. Жыйынтыгында унаанын айдоочусу жана бир жүргүнчү аймактык ооруканага жеткирилсе, 33 жаштагы айым А.Н. окуя болгон жерден каза болгон. Учурда бул иш боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.