“Ата Журт” фракциясынын коалицияга кирери же кирбеши азырынча белгисиз
Бүгүн, 31-мартта парламентте коалициялык көпчүлүк түзүлүп, жаңы макулдашууга кол коюлат. Ага “Ар-намыс”, “Ата Мекен” жана КСДП фракциялары кире турганы белгилүү болду. Курамга “Ата Журттун” кирери же кирбеши азырынча белгисиз. “Республика” фракциясы өкмөт башчыны шайлоодо жумшак рейтинг ыкмасын колдонууну сунуштап, бирок сунушу коалиция түзүү укугу берилген КСДП тарабынан четке кагылгандан кийин коалицияга кирбөө чечимине келген. “Республиканын” лидери Назарали Арипов: “Бир нече талапкер ат салышып, татыктуусун тандап алышыбыз керек болчу”,- деп билдирген эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

