Чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев иш сапары менен түштүк аймагында жүрөт
Бүгүн, 31-марттан баштап 2-апрелге чейин КРнын Чек ара кызматынын башчысы, полковник Райимберди Дүйшөнбиев иш сапары менен Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында болот. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, полковник алгач Баткен шаарында кеңешме өткөрүп, анын катышуучуларына Баткен облусунун Аймактык чек ара башкармалыгынын башчысы Рустам Жуматаевди тааныштырды. Кеңешмеде чек арачылар, жергиликтүү бийлик жана күч түзүмдөрү менен кызматташуу маселеси талкууланды.
Мындан тышкары Чек ара кызматынын башчысы айрым чек ара бөлүмдөрүнө барып келди жана Баткен облусунун тургундары менен жолугушууларды өткөрдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Aviator

31.03.2014. 17:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
*таанышып чыкты* программасы менен барса керек. Жер жерлер менен таанышып чыкканда жумуштан бошоп кетет. Анан кийинкиси таанышат. Ошентип иш болбойт да бизде
kaytmas

31.03.2014. 21:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чек ара маселесин чечпесе туштукко келбей эле койсун чондор жолкире кетирип.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.