Жаңы коалиция премьер-министрге депутаттар сунуштаган өкмөт мүчөлөрүн тандоо укугун берди
Парламентте жаңы түзүлгөн коалиция премьер-министрге депутаттар тарабынан сунушталган өкмөт мүчөлөрүн тандоо укугун берди. Башкача айтканда, министрликке коалициядагы фракциялар сунуштаган талапкер жакпаса, өкмөт башчы аны бекитпей, каршылык билдире алат. Муну бүгүн, 31-мартта “Ар-намыстын” лидери Феликс Кулов билдирди.
“Бирок бул нерсе министрлерди дайындоого гана тийиштүү. Агенттик жана кызматтарга тиешеси жок”,- деди Кулов.
Айта кетсек, бүгүн парламентте жаңы коалиция түзүлүп, ага “Ата Мекен”, “Ар-намыс” жана КСДП фракциялары кирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















