“Өкмөттүн курамы өтө чоң өзгөрүүгө туш болбойт” деди Өмүрбек Текебаев
Өкмөттүн курамы кардиналдуу өзгөрүүгө туш болбойт. Муну бүгүн, 31-мартта журналисттерге “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. “Парламенттин экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин ишмердүүлүгүнө дооматы болгон жана боло берет. Башка өкмөт мүчөлөрү өздөрүнүн тапшырмасы менен алек. Андыктан өкмөт курамын кардиналдуу өзгөртүү планыбыз жок”,- деди Текебаев.
Айта кетсек, бүгүн парламентте жаңы коалиция түзүлүп, ага “Ата Мекен”, “Ар-намыс” жана КСДП фракциялары кирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

