super.kg logo
  Саясат  

Ассоль Молдокматова маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалат

 
“Эркин эл” саясий партиясынын жетекчиси Мавлян Аскарбеков

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" мыйзамга ылайык, КСДП фракциясынын сунушу боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 2014-жылдын 1-апрелинде парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу тууралуу тескеме чыгарды. 

Бүгүндөн баштап жаңыдан түзүлгөн «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн» парламенттик көпчүлүк коалициясы иштей баштайт. 

Мындан сырткары жыйында жаңы өкмөттүн курамы да талкууланат. Маданият министри кызматына Ассоль Молдокматова дайындаларын ЖКдагы өздүк булактарыбыз маалымдады. 

Эске салсак, Ассоль Молдокматова "Ата Мекендин" партиялык тизмесинде 40-орунда турат. 

Мындан сырткары өкмөттүн курамына “Эркин эл” саясий партиясынын жетекчиси Мавлян Аскарбеков кирип, Жаштар министрлигине жетекчилик кылары айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: