super.kg logo

Кыргызстан Нью-Жерси штатында өтүүчү “Эл аралык мурас” фестивалына катышат

 
Өткөн жылкы фестивалдын жүрүшүнөн...
Өткөн жылкы фестивалдын жүрүшүнөн...
Өткөн жылкы фестивалдын жүрүшүнөн...
Өткөн жылкы фестивалда кыргыз уздарынын колунан жаралган буюмдар көргөзмөгө коюлган.
Өткөн жылы кыргыздын улуттук кийимин кийген кыздар келген конокторго Кыргызстандын кооз жерлеринин сүрөттөрү түшүрүлгөн открыткаларды, дубал календарларын таратышкан.
Өткөн жылкы фестивалдын жүрүшүнөн...

Кыргызстан ушул жылдын май айында Нью-Жерси штатында өтүүчү “Эл аралык мурас” фестивалына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде “Kyrgyz Club” эл аралык бирикмесинин негиздөөчүсү Айбек Хакимов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан бул фестивалга 2013-жылы катышкан. Анда кыргыз улуттук кийимин кийген кыздар келген конокторго Кыргызстан тууралуу айтып, аларга өлкөбүздүн кооз жерлери түшүрүлгөн открытка, дубал календарларын таратышкан. Фестивалдын жүрүшүндө кийизден жасалган түрдүү буюмдар көргөзмөгө коюлган. 

"Быйылкы фестивалда Кыргызстанды кеңири масштабда таанытуу оюбузда бар. Көргөзмөгө кыргыз уздарынын колунан жаралган буюмдар коюлмакчы. Ошондой эле фестивалда "Даткайым" бий тобунун кыздары өз өнөрлөрүн тартуулоосу күтүлүүдө",- дейт Айбек Хакимов. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: