Ыргал Кадыралиева: “Бир жылда 365 күн болсо, биз 180 күнүн эс алуу менен өткөрөт экенбиз”
“Бир жылда 365 күн болсо, биз (ред. кыргызстандыктар)
180 күндү эс алуу менен өткөрөт экенбиз”,- деп билдирди депутат Ыргал Кадыралиева бүгүн,
1-апрелдеги ЖКнын Социалдык саясат комитетинин жыйынында. Комитетте Кыргызстанда 3 майрамды мамлекеттик деңгээлде белгилебөө
маселеси каралууда. "Кыргызстанда эгемендүүлүк алган жылдардан
бери майрам күндөрдүн саны көбөйүп кеткен. 365 күндүн үчтөн бир бөлүгүн
майрамдоо менен эс алып жатабыз. Майрамдардын санын кыскартууну
колдоого алам",- деди Ыргал Кадыралиева.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Эскерте кетсек, эмгек, миграция жана жаштар министринин милдетин аткаруучу Алиясбек Алымкулов 1-Майды, 23-Февралды жана 7-Ноябрды кадимки жумуш күндөрүнүн катарына кошууну сунуштоодо.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

