super.kg logo

"Бишкекте 37 жаштагы аялды өлтүрүп, сууга салып жиберишкен" деп шектелип 3 адам кармалды

 

Свердлов районунда “адам өлтүрүү” фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 1-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 29-март күнү милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда Кичи Чүй каналынын Сүйүнбаев жана Герцен көчөлөрүнүн кесилишиндеги жерден жашы 35-40тар чамасындагы аялдын жансыз денеси табылгандыгы туурасында айтылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө аялдын киши колдуу болуп өлгөнү аныкталып, Баткен облусунун 37 жаштагы тургуну экендиги такталган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип Сокулук районунун 20 жаштагы тургуну Ш.Жапар, Жети-Өгүз районунун 27 жаштагы тургуну Ш.Болот жана Талас шаарынын 20 жаштагы тургуну О.Марат кармалды. Алардын айтымында, бирге арак ичип отурушуп, мас болуп калганда жанындагы аялды зордуктоого аракет кылышкан. Ал каршылык көрсөткөндө катуу сабашып, муунтуп өлтүрүп, сууга салып жиберишкен.

Учурда кылмышка шектелип кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.04.2014. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адамдар эмне болуп баратат,
01.04.2014. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне учун акыркы учурларда ушундай фактылар кобойуп баратат
01.04.2014. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдардын пеели качып батпай бара жататко бири- бирин коро албай ар деке кылып жатыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: