super.kg logo
  Саясат  

Жума күндү дем алыш күнү кылып жарыялоо боюнча мыйзам долбоору комитетте колдоо тапты

 

Кыргызстанда жума күндү жекшемби күнгө алмаштыруу же жума күндү дем алыш күн кылып жарыялоо боюнча мыйзам долбоору бүгүн, 1-апрелде ЖКнын Социалдык саясат комитетинде колдоо тапты. Демилгенин автору - депутат Турсунбай Бакир уулу. Талкууда депутаттар мыйзам долбоору боюнча коомчулуктун пикирин угуу зарыл экенин айтышты. Айрымдары бул мыйзамды кабыл алууга азырынча эрте экенин айтышты. Ыргал Кадыралиева “Алгач палатага чыгарып, депутаттардын пикирин угалы. Андан кийин коомдук угуу өткөрөбүз” деп билдирди.

Сунуш добушка коюлуп, колдоо тапты. Андан кийин Бакир уулу: “Мыйзам долбоорун колдогондорго рахмат, колдобогондорго ыйман тилейм”,- деп жыйындан чыгып кетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: