super.kg logo
  Саясат  

Энергетика министри "2 суткадан бери свет күйбөгөн аймактар бар" деген маалыматты четке какты

 
"Электр энергияны маал-маалы менен өчүрүү зарылдыгы жаралса, аны ишке ашырабыз". Бул пикирди ЖКнын 25-декабрдагы Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында КРнын Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов билдирди. Министрдин айтымында, учурда Кыргызстанда электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү жок. "Эгер андай зарылчылык келип чыкса, анда алдын ала калкка эскертебиз. Басымдан улам авариялык өчүрүүлөр болуп жатат",- деди Калмамбетов. Жыйында депутат Олег Домшенко үйүндө бир сутка бою свет күйбөгөнүн айтты. Башкы энергетик буга: "Бизге кээде телефон чалышып, жарандар сутка бою светсиз отурганын айтышат. Биз текшерүү жүргүзөбүз, бирок андай болбогону белгилүү болуп чыгат. Диспетчердик кызматта бардык өчүрүүлөр жазылат, ишеним телефондору иштейт. "Эки суткадан бери свет жок" деген сөздөр чындыкка туура келбейт",- деп жооп берди.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: