super.kg logo
  Саясат  

Аида Салянова: “Ахматбек Келдибеков боюнча тергөө бүттү, айыбын угузууга тоскоолдуктар болууда”

 

“Депутат Ахматбек Келдибеков боюнча тергөө бүттү, бирок айыбын угузууга тоскоолдуктар болууда”,- деп билдирди 1-апрелде ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында башкы прокурор Аида Салянова. Анын билдиришинче, Келдибековго 3 эпизод боюнча айыбы угузулганы жатат, бирок ага депутаттын тарапташтары тоскоол болууда. Депутат Бөдөш Мамырова “Силер коррупция менен күрөшүүдө айыпталган адам боюнча эксперттердин жыйынтыгына таянасыңарбы же коррупционер экен деп эле иш козгой бересиңерби?” деп сурады.

Буга башкы прокурор “Айыпталуучунун мамлекетке материалдык зыян келтиргени тергөөдө аныкталат. Эсептөө палатасы текшерет. Айрым учурларда Эсептөө палатасынын корутундусу жок эле иш козгой берүүгө болот” деген жооп узатты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: