“Эркин эл” партиясынын лидери Мавлянбек Аскарбеков: "Биздин партия Улуттук оппозициялык кыймылга кирбейт"
“Эркин эл” саясий партиясы ЖКнын депутаты Равшан Жээнбеков баштаган Улуттук оппозициялык кыймылга кирбейт. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде маалымат жыйынында аталган партиянын лидери Мавлянбек Аскарбеков билдирди.
Анын айтымында, “Эркин эл” партиясы оппозициялык кыймыл менен айрым маселелер боюнча пикирлери дал келгендиктен, кызматташууга макул болгон.
“Биздин партия көз карандысыз. Биз эч кимге баш ийбейбиз. Эгер Улуттук оппозициялык кыймылдын пикирлери биздики менен дал келбесе, биз кызматташууну токтотобуз”,- деди Аскарбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
PROS

01.04.2014. 14:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийликтен "жилик" тийген окшойт, позициянар озгоруп калыптыр))
munar85

01.04.2014. 15:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
PROS, Туура айтасын буларга окмоттон кашка жилик тийгени турат окшойт...Мындан сырткары өкмөттүн курамына “Эркин эл” саясий партиясынын жетекчиси Мавлян Аскарбеков кирип, Жаштар министрлигине жетекчилик кылары айтылууда.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.