Ош. АФКнын Кубогундагы беттешке ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары чакырылды
Бүгүн, 1-апрелде АФКнын Кубогунун 4-тур оюндарынын алкагында Оштун «Алай» жана Иорданиянын «Шабаб-Аль-Ордон» футболдук командалары беттешет. Ага ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына чакыруулар берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элзат Абдраимова билдирди.
Маалыматка ылайык, беттешке Кара-Суу районунун Партсъезд айылындагы Дадан Султанов атындагы балдар жатак-мектебинен 50 окуучу келет. Ал эми Ош шаарындагы В.Терешкова мектеп-интернатынан 20 окуучуга акысыз чакыруу баракчалары берилген.
Айта кетсек, чакыруунун негизги максаты ата-энелердин мээримине муктаж болгон балдарга аз да болсо көңүл буруу болуп эсептелет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















