super.kg logo

Жогорку Сот: "Сот тутумунун 2014-2017-жылдарга карата өнүгүүсү жөнүндө" программа Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү

 

Бишкекте бүгүн, 1-апрелде КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы токтому менен «Сот тутумунун 2014-2017-жылдарга карата өнүгүүсү» жөнүндөгү мамлекеттик максаттуу программа жактырылып, программанын долбоорун бекитүү үчүн Жогорку Кеӊешке жиберилди. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлады.  

«Сот тутумунун 2014-2017-жылдарга карата өнүгүүсү» жөнүндөгү мамлекеттик максаттуу программа КР Президентинин «КР сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгынын негизинде КР Жогорку Соту, Судьялар кеӊеши, Жогорку Соттун алдындагы Сот департаменти, КРнын Президентинин аппараты жана өкмөт тарабынан иштелип чыккан.

Аталган программада сот адилеттигинин ачыктыгын, тунуктугун камсыздандыруу, коомчулуктун сотторго карата ишеничин, соттук иштердин кароосунун сапатын жогорулатуу, судьялардын көз карандысыздыгын камсыз кылуу, сот актылардын аткарылышын күчөтүү боюнча комплекстүү маселелерди чечүү жолдору каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: