super.kg logo

Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева Гаагадагы конференцияга катышат

 

Эртең, 2-апрелде Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева жана Жогорку Соттун судьясы Айнаш Токбаева Голландиянын Гаага шаарында өтүүчү мыйзамдын үстөмдүгүн өркүндөтүүгө арналган конференцияга катышат. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Жогорку Сотунун төрайымы менен Жогорку Сотун судьясы Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмунун (ИДЛО) башкы директору Айрин Кхан айымдан атайын чакыруу алышкан.  

Конференциянын күн тартибинде тынчтык орнотуу жана укуктун үстөмдүгү, гендердик акыйкаттуулук, аялдар жана укук, сот мекемелери, жеткиликтүү жана ак ниет сот адилеттиги туурасындагы маселелер каралмакчы.

Аталган иш-чараны Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюму Голландия өкмөтүнүн жана Гаага шаарынын колдоосу менен уюштурууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: