«Республика» фракциясынын депутаттары премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев менен жолугушту
Жогорку Кеӊештин «Республика» фракциясынын депутаттары 2014-жылдын 1-апрелинде КР Премьер-министрине талапкер Жоомарт Оторбаев менен жолугушту.
Жолугушуу өкмөт башчысынын милдетин аткаруучусу Ж.Оторбаевдин демилгеси менен уюштурулду. Анда Ж.Оторбаев өкмөттүн программасы жана алдыда жасала турган иштер боюнча кыскача маалымат берип кетти.
Өз сөзүндө фракция лидери Назарали Арипов келечектеги өкмөттүн курамын тез аранын ичинде түзүү жана социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүнү өтүндү. Бул тууралуу фракциянын басма сөз кызматы маалымдады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

