super.kg logo

Кыргызстанда "Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2014" өтөт 

 

Кыргызстанда 7-апрелден 13-апрелге чейин бүткүл Кыргызстан боюнча «Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2014» кампаниясынын демилгечилери пайдалуу коомдук иш-чаралар менен акцияларды өткөрүшөт. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты.  

Кыргызстандын бардык аймактарында миңдеген жаштар ушул күндөрү «Дүйнөнү жакшы жагына өзгөрт!» урааны менен колдоого жана көңүлгө муктаж адамдар үчүн 100дөн ашуун социалдык иш-чараларды уюштурушат. 

Жумалыктын катышуучулары интернаттык мекемелердеги балдар, кары-картаңдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн акцияларды уюштурушат. Ошондой эле социалдык инфраструктуранын объекттерин калыбына келтирүүгө жардам беришип, жардамга муктаж жана үй-жайы жок адамдарга тамак-аш таратышат. Мындан сырткары бактарды актап, флешмобдорду жана жүрүштөрдү уюштурушуп, акысыз кеңеш кызматтарын, спорттук оюндар менен мелдештерди уюштурушуп, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашырышат. 

«Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы» кампаниясы Кыргызстанда 2012-жылдан бери USAID тарабынан каржыланган Эл аралык жаштар фондунун «Jasa.kg» программасынын демилгеси менен жүзөгө ашырыла баштаган. 

Бул кампания бүткүл дүйнө жүзү боюнча «Бүткүл дүйнөдөгү жаштардын кызмат кылуу күнү» деген аталыш менен белгилүү болгон. Ар бир жылы бул иш-чарага 6 континенттеги 100дөн ашуун өлкөдөгү миңдеген коомчулуктун жаштары катышат. 

Жаштар, мектептер, мамлекеттик түзүмдөр, коммерциялык уюмдар, БӨУ, диний уюмдар, жаштар уюмдары, насаатчылар коомчулуктардагы курч көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн жаштардын күч-аракеттерине түрткү беришет.  

«Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы-2014» кампаниясынын Кыргызстандагы иш-чаралары жөнүндө социалдык тармактарда жайгаштырылган маалымдамадан алууга болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: