Саламаттыкты сактоо тармагы адистештирилген "Тез жардам" унааларына муктаж
Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагы атайын адистештирилген
жана "Тез жардам" унааларына муктаж. Бул
тууралуу бүгүн, 1-апрелде КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз
кызматы маалымдады.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, саламаттыкты сактоо системинин автопаркындагы унаалар жаңыртылып турат. 2013-жылы аймактарга 85 "Тез жардам" унаасы бөлүнгөнүнө карабастан, бүгүнкү күндө унаалар мурдагыдай эле жетишсиз. Ошондой эле аталган тармакка атайын адистештирилген унаалар зарыл экендиги да маалым.
Эске салсак, калаада Жугуштуу оорулардын карантин кызматынын унаасы, Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын унаасы, Иммунопрофилактика жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар кызматтарынын адистештирилген унаалары жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.