АФКнын Кубогунда “Алай” өз үйүндө иорданиялык “Шабаб Аль-Ордон” клубуна утулуп калды
Бүгүн, 1-апрелде АФКнын Кубогунун 4-тур оюндарынын алкагында Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо жергиликтүү “Алай” менен иорданиялык “Шабаб Аль-Ордон” беттешип, коноктор 1:0 эсебинде утуп алышты.
90 мүнөттүк оюн тең салмактуу өттү. Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө “алайлыктардын” киргизген голун беттеш калысы офсайд абалы катталганынан улам эсепке алган жок. Ал эми оюндун 88-мүнөтүндө коноктор гол киргизип, жеңишти илип кетишти.
Кошумчалай кетсек, АФКнын Кубогуна кыргызстандык клубдардын ичинен биринчи болуп катышып жаткан “Алай” тайпада үчүнчү ирет жеңилип отурат. Мелдештин жобосу боюнча “үйдө-конокто” системи орун алууда. Демек, Кыргызстандын ТОП-Лигасын 2013-жылы утуп алган “Алай” тайпада дагы 2 беттеш өткөрөт. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
acer11

01.04.2014. 18:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алай шанстын барын колдон чынарды. Айла жок.
kakebrat

01.04.2014. 19:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайтпагыла эч алга!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.