"Мамлекетке 1 миллион сом зыян келтирди" деп шектелген Бишкек мэриясынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Бишкектин мэриясынын кызматкерлери "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өлкөгө 1 миллион сом зыян келтирди" деген шек менен кармалды.
Маалыматка ылайык, тергөө амалдарынын жүрүшүндө Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталды.
Мэриянын кызматкерлери мамлекеттин кызыкчылыгына карабастан, бюджетке 1 миллион сомго чукул зыян келтирген. Бул факты боюнча Бишкектин прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде КРнын Өкмөтүнүн астындагы Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү боюнча кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
tynara1983

02.04.2014. 12:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
миллион емес миллиярд болсо керек? Жашырбай еле жазышпайбы офисте иштегендер миллиндогон параны алып жатышат бул киши мээр болуп иштебедиби дагы жакшылап тергоо керек!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.