super.kg logo
  Саясат  

Юруслан Тойчубеков: "Акыркы 7 жылда Кыргызстанда авто унаалардын саны 2,5 эсеге көбөйдү"

 
Бүгүн, 25-декабрда ЖКда өкмөт тарабынан демилгеленип жаткан "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Бул мыйзам долбоору өлкөдөгү автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу маселесин жөнгө салууга багытталган. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Юруслан Тойчубековдун берген маалыматына караганда, акыркы 7 жыл аралыгында Кыргызстандагы автоунаалардын саны 2,5 эсе көбөйдү. Аларды камсыздандыруу ишинен ири көлөмдөгү каражат түшкөнү менен, элге эч пайдасы тийген жок. Ошондон улам аны мыйзам жолуна салуу зарылдыгы келип чыккан. Анын айтымында, автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу алардын таризине жараша 4250 сомдон 8900 сомго чейин белгиленүүдө. Мыйзам талабына ылайык, камсыздандыруу компаниялары алынган кирешенин 1 пайызын Камсыздандыруу фондуна которуп туруусу керек. Андан сырткары Маалымат борборун түзүү чарасы да камтылды. Ошондо гана өлкө аймагында иш жүргүзгөн компаниялар камсыздандыруу жаатында бирдиктүү маалыматка ээ болот. Мыйзам долбоору 2-3-окууларда каралмакчы. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: