Жоомарт Оторбаев: “Мурунку өкмөт эч нерсе жасаган жок” деген туура эмес”
“Мурунку өкмөттүн тушунда эч кандай иш жасалган жок” деген туура эмес”,- деди премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев. Анын билдиришинче, статистикалык маалыматтар өлкөдө көп иштер жасалганын көрсөттү.
“Статистикасыз эле бир мисал келтирейин. Бишкек шаарында жүздөгөн көп кабаттуу үй курулуп жатат. Мындай тарыхта болгон эмес”,- деди Оторбаев. Депутаттар 2 жыл ичинде өлкөдө канча жумушчу орду түзүлгөнүн сурашты эле Оторбаев: “Бул маселеде статистикалык маалыматтарга ишенүүгө болбойт. Статистика өтө аз санды көрсөтөт, мен аны азыр так айта албайм”,- деп жооп берди.
Айта кетсек, парламентте жаңы өкмөттүн курамы жана программасы талкууланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

