super.kg logo
  Саясат  

“Мекен шейиттеринин” мүчөлөрү Ак үйдүн алдына чогулушат

 

Бүгүн, 2-апрелде Апрель окуясында курман болгондордун жакындары Ак үйдүн алдындагы эстеликтин жанына чогулушат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына “Мекен шейиттери” коомдук уюмунун лидери Осунбек Жамансариев билдирди.

Айтымында, Апрель окуясында каза тапкандардын жакындарына куран окутуп, мындан аркы кадамдарды талкуулашат.

Кечээ, 1-апрелде 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя боюнча сот жараянында прокурорлордун "элге ок атты" деп шектелип жаткан атайын даярдыктагы аскерлерди актоо сунушу бизди таң калтырды. Ошондуктан да кечээ күнкү соттук отурумдан чыгып кеттик. 7-Апрель жакындап калгандыктан, бүгүн маселени Ак үй алдында талкуулайбыз”,- деди Осунбек Жамансариев. “2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяда каза болгондордун жакындары Коргоо кызматынын мурунку жетекчиси Нурлан Темирбаев менен Данияр Дунгановду күчөтүлгөн абалдагы абакка 25 жылга эркинен ажыратууну, үй-мүлктөрүн конфискациялоону жана аскердик наамдарынан ажыратууну суранганбыз. Бирок сот буга макул болбой жатат”,- деп кошумчалады Осунбек мырза.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: