super.kg logo
  Саясат  

Марат Казакбаев, серепчи: "Жоомарт Оторбаевдин жеке ишкерлерге өкмөттөн орун жок деген сөзү туура эмес"

 

Бүгүн, 2-апрелде саясий серепчи Марат Казакбаев SUPER.KG порталына "Жоомарт Оторбаевдин жеке ишкерлерге өкмөттөн орун жок деген сөзү туура эмес" деп билдирди. 

Анын айтымында, бизнесмендер өкмөттүн курамында иштесе болот. “Менин жеке пикиримде, бизнесмендер өкмөттүн курамында иштегенге болот. Бирок аларды премьер-министр же вице-премьер-министрлик кызматтарга койбош керек. Анткени акыркы убактарда жалаң гана тендер өткөрүү менен алектенгендиктери боюнча маалыматтар чыгып жатат”,- дейт Марат Казакбаев.

Эскерте кетсек, премьер-министрлик кызматка талапкер Жоомарт Оторбаев жаңы өкмөттүн курамына кире тургандардын баары мамлекеттик аткаминерлер болушу керек, ал эми ишкерлер жеке сектордо иштеши керектигин айткан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: