Дастан Бекешев өкмөт башчылыкка талапкерди саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө көңүл бурууга чакырды
Бүгүн, 2-апрелде парламенттеги коалициялык көпчүлүк жаңы өкмөттүн курамын жана программасын талкуулап, жактырды. Жыйында депутат Дастан Бекешев премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаевди саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
“Калк ичинде оору көп болсо, жарандар билимсиз болсо, өлкө өнүкпөйт. Анда биз эч качан өнүккөн мамлекетти кура албайбыз”,- деди Бекешев.
Депутат өлкөнүн экономикасы өнүгүш үчүн өкмөттө чиновниктердин жакындары иштебеши керектигин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

