super.kg logo

Жылнаама, 3-апрель: Мындан 81 жыл мурун дүйнөдө биринчи жолу адамдын бөйрөгүн алмаштыруу боюнча операция жасалган

 

* Мындан 154 жыл мурун биринчи жолу Америка Кошмо Штаттарында почта кызматы ачылган. Ал жакка жалаң жаштарды алышкан. Анткени каттарды ат менен ташууга туура келген. Алар айына 100 доллар алышчу. Бүгүнкүгө салыштырмалуу болжол менен 2500 доллар.

* Мындан 85 жыл мурун Кыргыз ССРинин биринчи Конституциясы кабыл алынган. Анда жалпы жыйынга коюлган Баш мыйзам бир добуштан жактырылган.

* 1933-жылдын бул күнү орусиялык дарыгер Юрий Вороной дүйнөдө биринчилерден болуп адамдын бөйрөгүн алмаштыруу боюнча операция жасаган. Ал каза болгон 60 жаштагы эркек адамдын бөйрөгүн 26 жаштагы айымга салган. Бирок ал эки күндөн кийин каза болуп калган.

* 1961-жылдын дал ушул күнү америкалык атактуу актёр Эдди Мерфи жарык дүйнөгө келген. Ал жаш кезинен тарта эле театр жана киного кызыкчу. 1982-жылы өзүн биринчи жолу кинодо сынап көргөн. Ошондон тарта анын жылдызы жана баштаган. “Америкага сапар”, “Плуто Нэштин жоруктары”, “Норбиттин амалы” жана башка бир катар кинолордо роль жараткан.

* 2013-жылдын бул күнү АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында “Манас” аэропортундагы аскердик базаны чыгаруу талабы менен митинг өткөн. Анда чогулгандар тарабынан базаны чыгаруу талабынан тышкары НАТОнун куралдарын Кыргызстан аркылуу Ооганстанга өткөрүүгө да тыюу салуу айтылган. 

Жылнаама толулугу менен бул жакта...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: