"Түндүк электрдин" башчысы Искендер Кадыркуловдун кызматтык жоопкерчилигин иликтеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлөт
“Түндүк электр” ишканасынын башкы директору Искендер Кадыркуловдун кызматтык жоопкерчилигин кароо сунушу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тапшырылган”. Бул тууралуу КРнын Экономика министри Темир Сариев 25-декабрда өкмөттүн жыйынында билдирди. Ал эми Адилет министри Алмамбет Шыкмаматов аталган ишкананын жетекчилигинин күнөөлүү же күнөөсүз экенин иликтеген жумушчу топ түзүүнү сунуштады. Анын айтымында, жумушчу топтун ишинин жыйынтыгына карап күнөөлүү жетекчилерди жоопкерчиликке тартыш керек. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бул жумушчу топту түзүүнү Энергетика жана өнөр жай министрлигине тапшыруу керектигин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

