Маданият министрлигине Камила Талиеванын талапкер болушуна депутаттар нааразы

Кайсы бир жолугушууда Талиеваны жардамчысы кол чатыр менен күн нурунан калкалап турат. Ал учурда күн бүркөк болуп, асманды ала булут каптап турган. Муну көпчүлүк Талиевадагы “обу жоктук” синдрому катары кабыл алган эле.

2013-жылы Ысык-Көлдө өткөн Эл аралык “Мейкин Азия” фестивалы. Мында Камила айымдын кийинүү маданияты талкуу чордонуна түшкөн. Мамлекеттер аралык бул иш-чарага экс-вице-премьер-министр ачык сары түстүү шымчан барып көпчүлүктүн оозун ачырган.

Парламенттеги коалициялык көпчүлүк бүгүн, 2-апрелде жаңы өкмөттүн курамын талкуулады. Анда талапкерлердин ичинен эң көп сын укканы маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкер Камила Талиева болду. Бул талапкерге депутаттардын дооматы көп. Эл өкүлдөрү Талиеванын бул тармакты башкарып кетиши күмөн экенин ачык эле айтышты.
“Маданият ишмерлери, чыгармачыл адамдар өтө сезимтал болушат. Бул тармакта эч качан иштебеген адамды кантип министр кылып дайындаганы жатабыз? Элдин кызыкчылыгын эске албай, жеке амбициялардын арты менен бирөөнү кызматка дайындоо туура эмес, Камиланын өзүнө да ыңгайсыз болот”,- деди депутат Ирина Карамушкина.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0