Мамлекеттик мекемелерди жасалма лицензия аркылуу көмүр менен камсыздаган “Читты” ишканасынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды
Мамлекеттик мекемелерди жасалма лицензия аркылуу көмүр менен камсыздаган “Читты” ишканасынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, КРнын Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы аталган ишкана кендерди өндүрүүгө укугу жок экенин аныктаган. Мындан тышкары ишкана Ош облусундагы мамлекеттик мекемелерди көмүр менен камсыздаганы белгилүү болгон.
Бул факты боюнча 2014-жылдын 25-мартында Ош облустук прокуратурасы “мыйзамсыз ишкердик” жана “жасалма документтерди жасоо, колдонуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.