Максат Кунакунов: "Жоомарт Оторбаев жасаган иштери боюнча отчёт бериши керек"
ЖКнын экс-депутаты Максат Кунакунов жаңы өкмөттүн курамын жана программасын жактырбайт. Мындай пикирин ал бүгүн, 2-апрелде SUPER.KG порталына билдирди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Айтымында, өкмөттүн түзүмүн толук алмаштыруу керек. “Ачыгын айтканда, өкмөт курамына кайра эле эски адамдар келгени жатышат, программасынан жаңы эч нерсени көрбөйсүң. Буга чейин эмне иштерди кылганын айта албаган өкмөт келечекте бир нерсе кыла алмак беле? Ал эми министрлер буга чейинки кылган иштери боюнча парламенттин, элдин алдында отчёт бериши керек. Тилекке каршы, андай болгон жок. Жантөрө Сатыбалдиев отчёт бербей кетти. Бирок Жоомарт Оторбаев өз иштери боюнча отчёт бериши зарыл”,- дейт Кунакунов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

