Депутаттар Айыл чарба жана мелиорация министрлигин жоюп, ордуна 4 департамент түзүүнү сунушташууда
Жогорку Кеңеште депутаттар Айыл чарба жана мелиорация министрлигин жоюуну сунушташууда. Айта кетсек, бүгүн, 2-апрелде ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде жаңы өкмөттүн түзүмү жана курамы каралууда. Депутат Бакыт Төрөбаев аталган министрликти жоюп, ордуна 4 департамент түзүүнү сунуштады. Алар: Суу чарба департаменти, Айыл чарба техникалары менен камсыздоо департаменти, Жер семирткич маселеси жана Ветеринария боюнча департамент.
Айта кетсек, жаңы өкмөттүн курамы 3-апрелде бекитилмекчи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

