super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар аймактардагы бала бакчаларга олуттуу көңүл бурууну сунушташты

 

“Эгерде бала бакчалардын абалын жакшыртпасак, келечекте өлкөдөн билимдүү мамлекеттик кызматкерлердин чыгышы күмөн”,- деди парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 2-апрелдеги жыйынында депутат Сайдулла Нышанов. Ал мындай пикирин өкмөттүн программасы жана курамы менен таанышып жатканда айтты.

Нышанов вице-премьер-министрлик кызматка сунушталып жаткан Эльвира Сариевага аймактардагы бала бакчалардын бүгүнкү абалына өзгөчө көңүл бурууну сунуштады.

“Мен сизди аймактардагы бала бакчаларга өзгөчө көңүл бурууга чакырам. Аларга олуттуу көңүл буруп, жакшыртпасак, эртең билимдүү мамлекеттик кызматкерлердин чыгуусу күмөн жаратат”,- дейт эл өкүлү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: