super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Түркиянын премьер-министрин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

 

КРнын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев 2-апрелде Түркиянын премьер-министри Реджеп Тайип Эрдоганды муниципалдык шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жоомарт Оторбаевдин куттуктоо катында 2014-жылдын 30-мартында болуп өткөн Түркиядагы муниципалдык шайлоолордо "Адилеттүүлүк жана өнүктүрүү" партиясынын ишенимдүү жеңиши менен чын дилимден куттуктоомду кабыл алыңыз” деп жазылган.

Мындан тышкары “Сиз жетектеген "Адилеттүүлүк жана өнүктүрүү" партиясынын жеңиши Сиздин өзүңүзгө жана өлкөнү өнүктүрүүнүн жарыяланган программасына Түркия элинин ишениминин далили” деп айтылат.

КРнын Премьер-министринин милдетин аткаруучу ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Реджеп Тайип Эрдоганга чың ден соолук, бакыт-таалай, ал эми Түркиянын боордош элине тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: