Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2014-жылдын 28 -февралына карата 3 миллиард 406,7 миллион долларды түздү
2014-жылдын 28-февралына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 3 миллиард 406,7 миллион АКШ долларын (178 миллиард 633,5 миллион сом) түздү. Анын 3 миллиард 177 миллион АКШ доллары (166 миллиард 589 миллион сом) тышкы карыз жана 229,6 миллион АКШ доллары (12 миллиард 44 миллион сом) ички карыз болуп саналат.
Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларына карата республикалык бюджеттен мамлекеттик карызды төлөөгө 1 миллиард 772 миллион сом жумшалды. Анын 585,7 миллион сому тышкы карызды төлөөгө жана 1 миллиард 186,3 миллион сому ички карызды төлөөгө сарпталган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

