super.kg logo
  Спорт  

УЕФАнын Чемпиондор Лигасында “Челси” ири эсепте утулду

 
ПСЖ-"Челси" беттеши. Оюндун 4-мүнөтүндө Эсекьель Лавесси оюн эсебин ачты.
ПСЖнын футболчулары экинчи голду белгилеп жатышат.
Хавьер Пасторе "Челсинин" коргоочуларын жаңылууга мажбурлап, үчүнчү голду киргизди.
"Реал" ыкчам киргизилген гол менен алдыга чыкты. Гарет Бэйл оюн эсебин ачты.
Иско эсеп айырмачылыгын 2 голго жеткирди.
Криштиану Роналду борбордук коргоочулардын катасынан пайдаланып, сезондогу 14-голун киргизүүдө.

Кечээ, 2-апрелде УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын алгачкы оюнунда “Челси” конокто ПСЖга ири эсепте утулду. Биринчи таймда 1:1 эсеби катталып, экинчи тайм чечүүчү ролду ойноду. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.

Ал эми “Реал”-“Боруссия” беттешинде мадриддиктер да 3 гол киргизип, өз дарбазасын кургак сактап калууга жетишишти. Бул беттеште Криштиану Роналду УЕФАнын Чемпиондор Лигасында “Барселонанын” чабуулчусу Лионель Мессинин 2012-жылы койгон рекордун кайталады. Криштиану Роналду бир сезондо киргизген голдорунун санын 14кө жеткизди.

“Реал” (Испания) – “Боруссия” (Д, Германия) - 3:0.

Голдор: Бэйл (3-мүнөттө), Иско (27-мүнөттө), Криштиану Роналду (57-мүнөттө).

ПСЖ (Франция) - “Челси” (Англия) - 3:1.

Голдор: Лавесси (4-мүнөттө). Азар (27-мүнөттө пенальтиден), Давид Луис (61-мүнөттө өз дарбазасына), Пасторе (90-мүнөттө).

Бул командалардын ортосундагы жооптук оюн 8-апрелде өтөт. 






УЕФАнын Чемпиондор Лигасы: Реал Мадрид - Боруссия Д

УЕФАнын Чемпиондор Лигасы: ПСЖ-Челси

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
Медиа-портал
03.04.2014. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Hala madrid.! Шикарный матч. Отомстили...
03.04.2014. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мына сага Роналдо мына финалда еми коробуз Реалды финалда Реал Мадрит - Бавария албетте Реал женент себеб Роналдо Иско Бейл Бензема бар ишенем
Женент реал алгааааааааааааааааааааа
Медиа-портал
03.04.2014. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
HALA MADRID! Buarissimo el madrigal)))
03.04.2014. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
реал мадрид эн жакшы клуб мирада мен сени суйом реал
Медиа-портал
07.04.2014. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реал лутше из лутших
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: