Депутаттар министрликке талапкерлердин ар биринин программасын угууну талап кылышууда
Парламентте бүгүн, 3-апрелде депутаттар өкмөт мүчөлүгүнө талапкерлердин баарынын программасын угуп көрүүнү сунушташууда. Депутат Алтынбек Сулайманов жаңы түзүлө турган өкмөттүн курамына нааразы. “Үч жарым жылда 4-өкмөт бекитилгени жатат. Талапкерлердин арасында 4-5 жолу министр болуп шайлангандар отурат. Шашпай ар бир талапкердин программасын угуп көрөлү, эмне иштерди жасай турганын айтып беришсин”,- деди депутат.
Сулайманов коалицияга кирген фракциялардагы депутаттардын санын тактоону сунуштады. “67 депутат деп жатат, айрым депутаттар фракцияларда жок. Алар кол коюшкан эмес”,- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















