Данияр Тербишалиев өкмөттүн курамын бекитүүнү убактылуу токтотуп турууну сунуштады
Парламенттин 3-апрелдеги жыйынында депутат Данияр Тербишалиев өкмөттүн курамын бекитпей турууну айтып чыкты. Анын билдиришинче, өкмөттүн курамына таза адамдар гана кириши керек.
“Мыйзам жол берет, өкмөттүн түзүмүн жана программасын бекитип берели, бирок курамды бекитпей токтотуп туралы. Талапкерлердин татыктуу же татыктуу эмес экенин карап чыгалы, кайсы бир компанияларга катыштыгы бар талапкерлердин маселесин карайлы. Коррупциялык иштерге жол бербейли”,- деген депутат бул иш боюнча атайын комиссия түзүүнү сунуштады.
Сунушту депутат Дастан Бекешев да колдоп, өкмөт курамын бекитпей туруу туура процесс экенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

