super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кыргызстандын таланттуу студенттери Бириккен Араб Эмираттарында өтүүчү Тарыхый мурас фестивалына катышышат

 

6-апрелден 25-апрелге чейин Кыргызстандын таланттуу студенттери Бириккен Араб Эмираттарынын Шаржа шаарында өтүүчү Тарыхый мурас фестивалына алгачкы жолу катышышат. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелдеги маалымат жыйынында Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университетинин ректору Алмаз Ибраев кабарлады.

Анын айтымында, кыргыз делегациясы 22 адамдан турат. Анын ичинде 5 окутуучу, 17 студент бар. Жолго кеткен чыгымдарды иш-чаранын уюштуруучулары өз моюнуна алышмакчы.

“Фестивалда улуттук ыр, бий, тамак-аш жасоо тармактары боюнча сынактар өтөт. Жалпысынан ага 22 өлкөнүн өкүлдөрү катышат”,- деди ректор Ибраев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: