Чыгармачыл адамдар Камила Талиеванын маданият министри болууга татыксыз экенин айтышты

“Камила Талиеванын маданият министри болушуна толук каршымын”,- деп билдирди бүгүн, 3-апрелде SUPER.KG порталына акын Азамат Болгонбаев.
“Камила Абдразаковна маданият тармагында такыр иштебегендиктен, бул кызматка татыктуу эмес. Аталган министрлик чоң болгондуктан, башка адамдар келсе дурус болмок. Биздин чиновниктер эң эле маанилүү министрликке татыксыз адамды дайындап жатышы мени эле эмес, жалпы маданият кызматкерлеринин терс пикирин жаратууда”,- дейт Азамат Болгонбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

