Алмамбет Шыкмаматов: “Бардык маселенин чечилиши мыйзамдын аткарылышына келип такалат”
“Мамлекеттеги кайсы гана маанилүү тармак болбосун, күчтүү мыйзамдарсыз маселе чечүүгө болбойт”,- деп билдирди юстиция министрлигине талапкер Алмамбет Шыкмаматов. Муну талапкер парламенттин 3-апрелдеги жыйынында билдирди. Айтымында, Юстиция министрлигинин карамагында ушу тапта 3000дей мыйзам актылары бар. “Мыйзамдардын аткарылышы, иштеп жаткан мыйзамдардагы карама-каршылыктарды оңдоп чыгуу - биздин министрликтин милдеттеринин бири. Мындан ары да парламент менен тыгыз кызматташтыкты улантабыз”,- деди Шыкмаматов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















