Равшан Жээнбеков: “Атамбаев Акаев менен Бакиевдин ыкмасын колдонуп, митинг өткөрүүгө каршы болуп жатат”
Улуттук оппозициялык кыймыл бийлик тарабынан тоскоолдуктарга карабастан, нааразылык акциясын өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелдеги маалымат жыйынында аталган кыймылдын мүчөлөрү билдиришти. Жыйынга Равшан Жээнбеков, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Суваналиев, Кубанычбек Кадыров, Мамбетжунус Абылов катышып жатат.
Равшан Жээнбековдун айтымында, буга чейин оппозиция өкүлдөрү митинг өткөрбөөгө убада берип келишкен. "Бирок бийликтин расмий түрдө тыюу салганынан кийин өткөрүүнү чечтик. Акаев менен Бакиев "Ала-Тоо" аянтында оппозиция лидерлерине кандай тоскололдук кылып келсе, бүгүн ал ыкманы Атамбаев кайталап, колдонуп жатат”,- деди Жээнбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

