"Орусияны 2014-жылкы Дүйнө чемпиондугуна катыштырбоо керек" деген америкалык сенаторлордун сунушун ФИФА четке какты

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) АКШнын сенаторлору Марк Керк менен Дэн Коутстун “ФИФА саясий оюнга кирген Орусия Федерациясынын футбол боюнча курама командасын 2014-жылкы Дүйнө чемпиондугуна катыштырбоого тийиш жана 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугун Орусиядан тартып алуу керек” деген сунушун четке какты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Эл аралык футбол федерациясынын башкы катчысы Жером Вальк “футбол боюнча улуттук курама командалар өлкөдөгү бийликтин аракети үчүн жоопкерчилик албайт” деп белгиледи. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Же дагы эле россияда журо беребизби 2018 жылы олимпиада болсо дагы мигрантарды тазалайтгооо.