Жол эрежесин бузуп, МАИ кызматкерине баш ийбеген айдоочуга административдик протокол түзүлүп, унаасы айып жайга киргизилди

Бир канча жол эрежесин бузуп, МАИ кызматкерине баш ийбеген айдоочуга административдик протокол түзүлүп, унаасы айып жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 3-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, Рендж Ровер унаасы жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан токтотулган. Бирок анын айдоочусу ага болбой качып кетүүгө аракет кылган. Катуу ылдамдыкта айдап, жолдо бир катар жол эрежелерин бузуп, адам өмүрүнө коркунуч жараткан.
“Ал унаанын айдоочусу Азиз Курбанов болгон. Анын жанында айдоочулук күбөлүгү болгон эмес. Иликтөөнүн негизинде Курбановдун айдоочулук күбөлүгү соттун чечими менен жокко чыгарылганы аныкталган” деп айтылат Жол-кайгуул кызматынын маалыматында.
Азиз Курбанов арабыздан бирөөнү сүзүп кетмек
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Далили жок билдирүүлөрдү жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат! БАНга!
bul jakka kirsen kim ekenin bilesin $)http://www.super.kg/kabar/news/58053/