super.kg logo
  Саясат  

Өлкө башчы Американын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ниша Десаи Бисвалды кабыл алды

 

Бүгүн, 2014-жылдын 3-апрелинде Алмазбек Атамбаев Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Ниша Десаи Бисвалды кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө өз ара кызыкчылык жараткан тармактардагы Кыргыз Республикасы менен АКШ ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Ниша Десаи Бисвал Кыргызстандын жетекчилигине Ооганстандагы кырдаалды стабилдештирүү боюнча коалициянын аракеттерин колдоодо ыраазычылык билдирип, Борбор Азия регионунда коопсуздукту камсыз кылууда «Манас» транзиттик ташуулар борборунун салымы чоң экенин айтып өттү. Президент Алмазбек Атамбаев регионалдык коопсуздук маселелери Кыргызстан үчүн өзөктүү экенин белгиледи.

Мамлекет башчы Кыргызстандын АКШ менен кызматташтыгы мындан ары дагы өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарынын негизинде түзүлөрүн баса белгиледи. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: