super.kg logo
  Саясат  

Мамбетжунус Абылов: “Митингге курал көтөрүп келгендер сот алдында жооп беришет”

 
Мамбетжунус Абылов

Бүгүн, 3-апрелдеги маалымат жыйынында Улуттук оппозиция кыймылынын өкүлү, митингдин коменданты Мамбетжунус Абылов имде-ким митингге мас абалында же курал менен келип, элге жолтоо болгон болсо, сот алдында өздөрү жооп берет" деп билдирди. 

"Өлкөбүздө көйгөйлүү маселелер күч алып бара жаткандыктан, саясий абал 2005, 2010-жылдардагыдай көзөмөлдөн чыгып кете электе, элдин талабын бийликке жеткирели деп тынчтык митингин өткөрүүнү чечтик. 10-апрелдеги өтө турчу митингге 10 миңдей адам келе тургандыгына байланыштуу коопсуздукту сактоо максатында биз Бишкек ШИИББинин башчысы Мелис Турганбаевге митингди тынч өткөрүү үчүн келишимге кол коюшун сунуштайм",- деди Мамбетжунус Абылов.

Айта кетсек, Мамбетжунус Абылов 10-апрелде өтө турган митингдин коменданты болду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: